Клиникалык дисциплиналарда чек-листтер: студенттердин практикалык көндүмдөрүн ачык-айкын баалоо

Клиникалык дисциплиналарда чек-листтер: студенттердин практикалык көндүмдөрүн ачык-айкын баалоо

оэаму ишиму oshimu омму oimu

       ОЭАМУда студенттердин практикалык көндүмдөрүн баалоонун заманбап ыкмасы — баалоо чек-листтери (check-list) кеңири колдонулууда. Бул инструмент клиникалык дисциплиналар боюнча практикалык сабактарда активдүү пайдаланылып, негизги манипуляциялар менен клиникалык көндүмдөрдү өздөштүрүү деңгээлин объективдүү жана ачык-айкын баалоого мүмкүндүк берет.

       Практикалык сабактардын жүрүшүндө окутуучулар студенттердин көндүмдөрүн алдын ала бекитилген критерийлер боюнча, чек-листте көрсөтүлгөн талаптарга ылайык текшеришет. Мындай формат көндүмдү аткаруунун этаптарын системалуу түрдө белгилөөгө, күчтүү жактарын көрсөтүүгө жана жакшыртууну талап кылган учурларды аныктоого жардам берет. Мындан тышкары, окуу процессинде өз ара баалоо (взаимооценивание) да колдонулат: студенттер бир группадаштарынын көндүм аткаруусун ошол эле критерийлер боюнча баалап, клиникалык ой жүгүртүүнү, көңүл бурууну жана жоопкерчиликти өнүктүрүшөт.

      Маанилүүсү, студенттер баалоо тартиби, критерийлер жана чек-лист менен иштөө эрежелери тууралуу алдын ала маалымдалган. Бул бардык студенттер үчүн бирдиктүү талаптарды камсыздап, сапаттуу даярдыкка болгон мотивацияны жогорулатып, кесиптик компетенцияларды туруктуу калыптандырууга өбөлгө түзөт.



Фото галерея