Элективдик дисциплиналар тандап алуу боюнча жогорку курстун студенттеринин кичи курстун студенттери менен жолугушуусу

Элективдик дисциплиналар тандап алуу боюнча жогорку курстун студенттеринин кичи курстун студенттери менен жолугушуусу

оэаму ишиму oshimu омму oimu

       ОЭАМУда жогорку курстун студенттери кичи курстун студенттери үчүн жолугушууларды өткөрүп, элективдик дисциплиналар тууралуу маалымат беришүүдө. Бул жолугушуулардын максаты — биринчи жана төмөнкү курстагы студенттерге элективдик предметтердин мазмунун жана өзгөчөлүктөрүн түшүндүрүп, туура жана аң-сезимдүү тандоо жасоого жардам берүү.

      Жолугушууларда жогорку курстун студенттери ар бир элективде кайсы темалар өтүлөрүн, сабактар кандай форматта өтөрүн, тапшырмалар жана баалоо түрлөрү кандай болорун айтып беришет. Ошондой эле бул дисциплиналар аркылуу кандай билим жана көндүмдөрдү өнүктүрүүгө болору түшүндүрүлөт. Кичи курстун студенттери окуу жүгү, практикалык пайдалуулугу жана келечектеги багытка жараша кайсы элективди тандоо туура экендиги тууралуу суроолорун беришет.

       Мындай насаатчылык форматы студенттик коомчулукту бекемдеп, академиялык маданиятты өнүктүрүүгө жана окууга болгон мотивацияны жогорулатууга өбөлгө түзөт. Университет студенттерге өз билим берүү траекториясын туура аныктоого жана кызыкчылыктарына, кесиптик максаттарына ылайык дисциплиналарды тандоого жардам берген демилгелерди колдойт.



Фото галерея