ОЭАМУ Ош морфологдор коомдук бирикмесинин негиздөөчүсү болду
Ош мамлекеттик университетинин базасында "Ош аймактык илимий-медициналык морфологдордун коому" (ОАИММК) коомдук бирикмесинин негиздөөчү жыйыны өтүп, Уставдын долбоору бекитилди.
Негизги максаты - аймактагы морфологдордун ишмердүүлүгүн бириктирүү жана координациялоо, морфологиялык жана тиешелүү тектеш дисциплиналар боюнча билим берүү процессин жакшыртуу, практикалык медицинанын көйгөйлөрүн чечүү жана чет өлкөлүк илимий-медициналык коомдор менен байланыш түзүү. ОАИММКнын алгачкы чечимдеринин бири катары Россиянын "Анатомдор, гистологдор жана эмбриологдор илимий медициналык коому" (НМОАГЭ) аймактар аралык илимий медициналык коомуна "Ош аймактык бөлүмү" катары кирүү сунушу бир добуштан кабыл алынды.
Коомдук бирикменин узак мөөнөттүү пландарына илимий-практикалык конференцияларды, съезддерди, симпозиумдарды, семинарларды жана эл аралык денгээлдеги тематикалык мастер-класстарды уюштуруу иш-чаралары киргизилген. ОЭАМУнун окуу жана илимий иштер боюнча проректору, доцент К.Ш. Сакибаев ОАИММК башкармалыгынын төрагасы болуп шайланды.
Бул иш-чара билим берүү программалары жана уюмдарын аккредитациялоо Агенттигинин (ААОПО) Билим берүүнүн сапатын камсыздоо саясатынын Минималдык талаптарын (СТАНДАРТ1.) ишке ашыруу боюнча сунуштарын ОЭАМУ тарабынан аткаруу алкагында ишке ашырылды.