ОЭАМУда окумуштуулар кеңеши өттү

ОЭАМУда окумуштуулар кеңеши өттү

оэаму ишиму oshimu омму oimu

     2025-жылдын 24-декабрында Ош эл аралык медициналык университетинде кезектеги окумуштуу кеңештин жыйыны болуп өттү.

     Жыйындын жүрүшүндө билим берүүнүн сапатына жана окуу процессин уюштурууга байланыштуу маанилүү маселелер каралды.

     Күн тартибиндеги биринчи маселе катары 1-курстун студенттеринин билим деңгээлин диагностикалык баалоону уюштуруу, ошондой эле 2, 3, 4 жана 5-курстардын студенттеринин калдык билимдерин текшерүү маселеси талкууланды. Жумушчу комиссиянын төрайымы Орунбаева Б. М. текшерүүнүн жыйынтыктарын талдап, келечектеги өнүгүү перспективаларын белгиледи.

     Экинчи маселе 2024–2025-окуу жылындагы өндүрүштүк практиканын жыйынтыктарына анализ жүргүзүүгө арналды. Практика жетекчиси Нишанкулова Э. негизги көрсөткүчтөрдү баяндап, учурдагы көйгөйлөрдү жана алдыдагы милдеттерди аныктады.

Жыйындын жыйынтыгында студенттерди даярдоонун сапатын жогорулатууга жана университеттин билим берүү ишмердүүлүгүн өнүктүрүүгө багытталган тиешелүү чечимдер кабыл алынды.



Фото галерея