ОЭАМУда жаңыланган актовый залдын салтанаттуу ачылышы жана Жаңы жылдык майрам өттү

ОЭАМУда жаңыланган актовый залдын салтанаттуу ачылышы жана Жаңы жылдык майрам өттү

оэаму ишиму oshimu омму oimu

     2025-жылдын 26-декабрында Ош эл аралык медициналык университетинде капиталдык оңдоодон кийин актовый залдын салтанаттуу ачылышы болуп, ал Жаңы жылдык майрамдык иш-чара менен айкалыштырылды.

     Ачылыш аземине университеттин ректору жана президенти катышып, символикалык түрдө лентаны кесип, жамаатты жана студенттерди залдын ачылышы жана келе жаткан Жаңы жыл менен куттукташты. Ошондой эле алар заманбап жана ыңгайлуу билим берүү чөйрөсүн түзүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

      Иш-чаранын алкагында университетти өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн мыкты кызматкерлерге, ошондой эле жыл ичинде илимий конференцияларга активдүү катышып, университетти республика ичинде жана эл аралык деңгээлде татыктуу көрсөткөн студенттерге сертификаттар тапшырылды.

      Студенттер майрамдык концерттик программаны тартуулашты: Жаңы жылдык ырлар аткарылып, жомок каармандарынын костюмдары боюнча конкурс өткөрүлдү. Ар бир академиялык топ белгилүү жомоктордун негизинде сахналаштырылган көрүнүштөрдү медициналык элементтерди камтыган кооз декорациялар жана костюмдар менен көрсөтүштү.

      Иш-чаранын соңунда ректораттын атынан бардык студенттерге Жаңы жылга карата таттуу белектер таратылды.

      Бул майрамдык иш-чара 2025-жылга жаркын жыйынтык болуп, 2026-жылы ОЭАМУнун жамааты менен студенттерин жаңы ийгиликтер, чыгармачылык жетишкендиктер жана мүмкүнчүлүктөр күтүп турганын символдоду.



Фото галерея