ОЭАМУ Святитель Лука атындагы Луганск мамлекеттик медициналык университети менен кызматташуу тууралуу келишимге кол койду

ОЭАМУ Святитель Лука атындагы Луганск мамлекеттик медициналык университети менен кызматташуу тууралуу келишимге кол койду

оэаму ишиму oshimu омму oimu

      2025-жылдын 17-декабрында  Ош эл аралык медициналык университети жана Россия Федерациясынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Святитель Лука атындагы Луганск мамлекеттик медициналык университети кызматташуу жөнүндө келишимге кол коюшту.

     Келишимге ОЭАМУнун ректору Джумаев Равшанбек Мамадиевич  жана Луганск мамлекеттик медициналык университетинин ректору Левчин Артём Михайлович кол коюшту.

Бул келишим эки университеттин билим берүү, илимий жана клиникалык ишмердүүлүгүн өнүктүрүүгө багытталган жана төмөнкү багыттарды камтыйт:

  • студенттердин жана окутуучулардын академиялык алмашуусу;

  • биргелешкен билим берүү жана илимий-изилдөө программаларын ишке ашыруу;

  • конференцияларды, семинарларды жана илимий иш-чараларды биргелешип өткөрүү;

  • профессордук-окутуучулук курамдын квалификациясын жогорулатуу жана тажрыйба алмашуу;

  • илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү жана биргелешкен публикациялар.

Кызматташуу тең укуктуулук жана өз ара урматтоо принциптерине негизделип, тараптардын улуттук мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.

Бул келишим ОЭАМУнун эл аралык академиялык байланыштарын бекемдөөгө, илимий-изилдөө ишмердүүлүгүн кеңейтүүгө жана медициналык билим берүүнүн сапатын жогорулатууга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.



Фото галерея