Рахманбек Тойчуевдин 80 жылдыгына арналган эл аралык илимий-практикалык конференция

Рахманбек Тойчуевдин 80 жылдыгына арналган эл аралык илимий-практикалык конференция

оэаму ишиму oshimu омму oimu

       2025-жылдын 17-декабрында «Медициналык, биологиялык илимдердин жана билим берүүнүн актуалдуу маселелери» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү. Конференция Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын илимине эмгек сиңирген кызматкери, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоосуна эмгек сиңирген кызматкер, медицина илимдеринин кандидаты Рахманбек Маматжанович Тойчуевдин туулган күнүнүн 80 жылдыгына арналды.

       Конференциянын уюштуруучуларынын катарында Ош эл аралык медициналык университети төмөнкү мекемелер менен биргеликте иш алып барды:

  • Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясы,

  • КР УИАнын Түштүк бөлүмүнүн медициналык жана биологиялык көйгөйлөр боюнча илимий-изилдөө институту,

  • Ош мамлекеттик университети (ОшМУ),

  • Анатомдордун, гистологдордун жана эмбриологдордун Ош регионалдык илимий-медициналык коому (НМОАГЭ).

     Конференциянын биринчи бөлүгү — ачылыш аземи жана пленардык жыйын — Ош мамлекеттик университетинин базасында өттү. Ачылыш аземинде ОЭАМУнун ректору Р.МДжумаев Тойчуев Рахманбек Мамадкадыровичти  университеттин атынан куттуктап, ага Ош эл аралык медициналык университетинин ардактуу профессору наамы ыйгарылганын салтанаттуу түрдө жарыялады.

     Ошондой эле ачылыш аземинин алкагында ОЭАМУнун илимий журналы — “Journal of Human Biology and Clinical Medicine” журналынын биринчи санынын жарык көргөнү расмий түрдө жарыяланды. ОЭАМУнун проректору К.Ш. Сакибаев бул алгачкы чыгарылыш улуу окумуштуу Р.М. Тойчуевге арналганын белгиледи.

     Пленардык жыйында ОЭАМУнун окутуучусу, клиникалык дисциплиналар кафедрасынын башчысы Абдимомунова Б.Т.
«Чоң кишиде кездешкен селейменин сейрек учуру» аттуу илимий баяндамасын сунуштады.

     Андан соң конференция секциялык жыйындар менен уланды. ОЭАМУнун окутуучулары илимий жана обзордук баяндамалар менен жогорку деңгээлде чыгып, алардын көпчүлүгү I, II жана III даражадагы дипломдорго татыды.

     Ош эл аралык медициналык университетинде конференциянын 6-секциясы — студенттик илимий иштер секциясы өткөрүлдү. Студенттер үчүн кофе-брейк уюштурулуп, андан кийин алар үч секцияга бөлүндү. Ар бир секцияда ОЭАМУнун окутуучуларынан жана чакырылган университеттердин өкүлдөрүнөн турган президиум иш алып барды.

     Конференцияга катышкан бардык студенттерге сертификаттар тапшырылып, мыкты студенттик иштердин авторлору I, II жана III даражадагы дипломдор менен сыйланышты. ОЭАМУнун мыкты студенттери:
Sivakumar Sasi Varunan, Thoomathy Keerthana, Mohammed Saiff, Mohamed Elbana, Shweta Salve, Ishan Pawar.



Фото галерея