Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата тегерек стол
2025-жылдын 12-декабрь күнү ОАЭМУда дуйнөлүк адабияттын улуу өкүлү, адамзаттык ойлордун жарчысы, кыргыз элинин руханий символу болгон улуу жазуучубуз Чынгыз Айтматовдун туулган күнүнө арналган тегерек стол болуп өттү.
Тегерек столго ОЭАМУнун окутуучулук курамы жана ошондой эле ОшМУнун доценти, ф.и.к., Айтматов таануучу Алиева Фарида Эсеновна жана Ж.Баласагын атындагы КУУнун доценти, ф.и.к. Абдуллаев Давлатбек Шарапович катышышты.
Жолугушууда улуу жазуучубуздун мурасы жөнүндө ой бөлүшүп, чыгармаларынын тарбиялык, философиялык жана маданий маанисине токтолдук.
Тегерек стол Ч.Т.Айтматов жараткан идеялардын бүгүнкү күндөгү актуалдуулугун талдоого, жаны муунга жеткирүүгө багытталды.