ОЭАМУ «Journal of Human Biology and Clinical Medicine» аттуу өзүнүн илимий журналын каттоодон өткөрдү

ОЭАМУ «Journal of Human Biology and Clinical Medicine» аттуу өзүнүн илимий журналын каттоодон өткөрдү

оэаму ишиму oshimu омму oimu

      2025-жылдын 8-декабрында Ош эл аралык медициналык университети «Journal of Human Biology and Clinical Medicine» аттуу жаңы илимий журналды расмий түрдө каттоодон өткөрдү.

     Журнал медициналык жана биологиялык көйгөйлөр боюнча илимий-изилдөө институту менен биргеликте түзүлүп, илимий эмгектерди, изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын жана эл аралык илимий конференциялардын материалдарын жарыялоого багытталган. Журнал жылына кеминде эки жолу англис тилинде, электрондук форматта чыгат. Таралуу аймагы Кыргызстанды, жакын жана алыскы чет өлкөлөрдү камтыйт.

     Журнал эл аралык наукометриялык мейкиндикте өз ордун бекемдөөгө, ОЭАМУнун илимий изилдөөлөрүн дүйнөлүк академиялык коомчулукка жайылтууга жана чет өлкөлүк авторлорду тартууга багытталган.

     Журналдын башкы редактору — медициналык илимдердин доктору, профессор Жаныбек Муратов. Журналдын жетекчиси — медициналык илимдердин кандидаты, доцент Кыялбек Сакибаев.

     Журналдын негиздөөчүлөрү — Ош эл аралык медициналык университети жана Медициналык жана биологиялык көйгөйлөр боюнча илимий-изилдөө институту. Каржылоо негиздөөчү уюмдар жана авторлор тарабынан камсыздалат.

     Илимий журналдын түзүлүшү университеттин илимий потенциалын өнүктүрүүгө, эл аралык кызматташууну кеңейтүүгө жана жаш изилдөөчүлөрдү колдоого маанилүү салым кошот.

    Журналдын редакциялык саясаты Google Scholar, Scopus, Web of Science жана башка эл аралык наукометриялык базаларга кирүүгө багытталган.



Фото галерея