ОЭАМУда студенттер арасында баңгизаттарды колдонууга каршы профилактикалык жолугушуу өткөрүлдү
2025-жылдын 11-ноябрында Ош эл аралык медициналык университетинде студенттер менен Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп өттү.
Иш-чарага баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү бөлүмүнүн башчысы, милициянын подполковниги Эгемкулов Адылбек Тынычбекович, жана Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Сулейман-Тоо милиция бөлүмүнүн №1 шаардык милиция бөлүмчөсүнүн башчысы, милициянын майору Маматеминов Акылбек Маматкадырович катышышты.
Коноктор студенттерге баңгизаттардын түрлөрү, алардын адамдын ден соолугуна жана психологиялык абалына тийгизген терс таасирлери тууралуу кеңири түшүндүрмө берип, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган кылмыш-жаза жоопкерчилиги тууралуу маалымат беришти.
Иш-чаранын жыйынтыгында катышуучулар мыйзам бузуулардын алдын алуу жана дени сак жашоо образын калыптандыруу боюнча мындай жолугушуулардын маанилүүлүгүн белгилешти.
Ош эл аралык медициналык университети ички иштер кызматкерлерине жаштар арасында жүргүзгөн алдын алуу иштериндеги кызматташуусу үчүн ыраазычылык билдирет.