ОЭАМУ окуу процесстерине инновациялык технологияларды киргизүүдө

ОЭАМУ окуу процесстерине инновациялык технологияларды киргизүүдө

оэаму ишиму oshimu омму oimu

      Жакында Ош эл аралык медициналык университетине Самара шаарынын (РФ) ОсОО «Развитие» өкүлү С.В. Юрченко жана ЖАМУ деканы Ш.М. Астанов келип, окуу-илимий жана дарылоо процессин таанышты. Меймандар профессордук-окутуучулар курамынын тажрыйбасын алмашуу жана академиялык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.

      Жолугуунун алкагында С.В. Юрченко инновациялык «Пирогов» столун тааныштырды. «ПИРОГОВ» – бул сенсордук стол жана компьютерде адамдын денесин 3D форматында көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берген заманбап интерактивдик курал. Бул медициналык университеттерге, факультеттерге, колледждерге жана врачтарды кайра даярдоо борборлоруна ылайыктуу эффективдүү окуу материалы. Стол мугалим менен топтук иштөөгө, ошондой эле студенттердин өз алдынча окуусуна мүмкүнчүлүк берет жана уникалдуу моделдер жана анатомиялык сценалар китепканасы бар SD-анатомиялык атлас камтыйт.

      Тараптар академиялык мобилдүүлүктү өнүктүрүү боюнча макулдашып, эки университеттин окутуучулары жана студенттери үчүн тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнү пландашууда.



Фото галерея