ОЭАМУда студент кыздар үчүн аялдар кеңеши өттү
22.10.2025ж. Ош эл аралык медициналык университетинде студент кыздар үчүн аялдар кеңеши болуп өттү. Жыйналыштын негизги темасы – саламаттыкты сактоо, тарбия жана социалдык активдүүлүк болду. Иш-чаранын негизги бөлүгүн гинеколог-доктор Султанмахмудова Нурзат «Интимдик гигиена жана заманбап контрацепция ыкмалары» темасында лекция окуу түздү. Студент кыздар жеке гигиенанын маанилүүлүгү, контрацепциянын заманбап ыкмалары жана гинекологиялык ооруларды алдын алуу боюнча толук маалымат алышты.
Иш-чараны социалдык проектер жана мамлекеттик тил боюнча проректору Алиева Чынара, тарбия иштери боюнча декандын орун басары Абдуллаева Вилена жана табигый-гуманитардык дисциплиналар кафедрасынын окутуучу, доктор Султанмахмудова Нурзат тарабынан уюштурулду. Алар мындай жыйындар студент кыздарга практикалык билим алууга жардам берип, медициналык сабаттуулукту жогорулатары жана саламат жашоо образын калыптандырууга өбөлгө түзөрүн белгилешти.
Аялдар кеңеши билим берүү платформасы гана эмес, ачык диалог үчүн да аянтча болду. Студент кыздар активдүү суроолорду беришти, өз тажрыйбалары менен бөлүшүштү жана окуу процесси, моралдык-психологиялык абал жана жашоосундагы социалдык маселелер боюнча актуалдуу темаларды талкуулашты.
Уюштуруучулар мындай жолугушуулар университеттин администрациясы менен студент кыздардын ортосундагы байланыштарды чыңдоого, ишенимдүү атмосфера түзүүгө жана жаш аялдардын окууда жана социалдык тармакта инициативалуу болуусуна өбөлгө түзөрүн белгилешти. Аялдар кеңеши ОЭАМУ өз студент кыздарынын толук кандуу өнүгүшүнө өзгөчө көңүл бурарын жана билим берүү, тарбиялык жана социалдык аспекттерди бириктирерин көрсөттү.