ОЭАМУда “Кан куюу” темасында хирургия сабагы боюнча ачык сабак өттү
2025-жылдын 14-октябрында Ош эл аралык медициналык университетинде «Хирургия» сабагы боюнча ачык сабак өтүлдү. Сабакты 3 курс студенттери үчүн окутуучу Саид Али Аббас өткөрдү.
Сабактын темасы — «Blood transfusion» (Кан куюу). Сабактын жүрүшүндө студенттер кан куюунун көрсөтмөлөрү жана каршы көрсөтмөлөрү, донордук жана реципиенттик канды тандоо принциптери, мүмкүн болгон татаалдыктар жана алардын алдын алуу жолдору тууралуу кеңири маалымат алышты.
Окутуучу кан куюу процедурасынын практикалык аспектилерин көрсөтүп, асептика жана антисептика эрежелерин сактоонун маанилүүлүгүн белгиледи. Студенттер клиникалык учурларды талкуулоого жана кырдаалдык тапшырмаларды чечүүгө активдүү катышышты.
Ачык сабак Ош эл аралык медициналык университетинде өтүп жаткан ачык сабактардын декадасынын алкагында өткөрүлүп, окутуунун сапатын жогорулатууга жана келечектеги дарыгерлердин кесиптик жөндөмдөрүн өрчүтүүгө багытталган.