ОЭАМУда чет өлкөлүк студенттер үчүн кыргыз тили боюнча кошумча ийримдер уюштурулду

ОЭАМУда чет өлкөлүк студенттер үчүн кыргыз тили боюнча кошумча ийримдер уюштурулду

оэаму ишиму oshimu омму oimu

       Ош  Эл аралык Медициналык Университетинде (ОЭАМУ) студенттер сабактан тышкары убакыттарда да активдүү катышып, билим алуу менен катар ар түрдүү ийримдерге да тартылууда. Алардын бири — чет өлкөлүк студенттер үчүн атайын уюштурулган кыргыз тили боюнча кошумча ийрим.

Ийримдин негизги максаты — чет элдик студенттерге кыргыз тилин эркин сүйлөө деңгээлине жеткирүү, күнүмдүк турмушта жана окуу процессинде колдонууга үйрөтүү, ошондой эле мамлекеттик тилдин баалуулугун, тарыхый жана маданий маанисин терең түшүндүрүү.

Ийримдердин алкагында студенттер кыргыз тилинин лексикасын жана грамматикасын үйрөнүү менен катар, диалог куруу, оюн түрүндөгү тапшырмалар жана практикалык көнүгүүлөр аркылуу тилди жандуу пайдаланууну өздөштүрүшөт.

Мындай сабактар чет өлкөлүк студенттердин кыргыз тилинде эркин пикир алмашуусуна өбөлгө түзүп, алардын жергиликтүү чөйрөгө, маданиятка жана билим берүү мейкиндигине ыңгайлашуусуна чоң жардам берет.

Ийримдер кыргыз тили жана адабияты сабагынын окутуучуларынын демилгеси менен уюштурулуп, студенттер тарабынан чоң кызыгуу менен кабыл алынууда. Университет жетекчилиги мындай демилгелер чет өлкөлүк студенттердин Кыргызстандагы билим алуу тажрыйбасын байытып, маданий жактан да өнүгүшүнө салым кошот деп белгилешүүдө.

Чет элдик студенттер учун уюштурулган "Кыргыз тилин уйронобуз" ийриминен 2024 жылкы фотоотчет.



Фото галерея