23-сентябрда – Мамлекеттик тил күнүнө карата ОЭАМУда "УЛУТ БОЛСОМ – ТИЛИМ МЕНЕН УЛУКМУН" аттуу иш-чара болуп өттү
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил күнүнө карата 2025-жылдын 23-сентябрында Ош Эл аралык Медициналык Университетинде (ОЭАМУ) «УЛУТ БОЛСОМ – ТИЛИМ МЕНЕН УЛУКМУН» деген ураан астында маданий иш-чара өткөрүлдү. Иш-чарага университеттин ар кайсы факультеттеринде билим алып жаткан жергиликтүү жана чет өлкөлүк студенттер жигердүү катышышты.
Бул иш-чаранын негизги максаты — студенттердин кыргыз тилине болгон урмат-сыйын арттыруу, мамлекеттик тилдин тарыхый жана маданий баалуулугун даңазалоо, ошондой эле көп улуттуу студенттер арасында тилге болгон кызыгууну жана сыймыктанууну ойготуу болду.
Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер өз өнөрлөрүн көрсөтүшүп, кыргыз тилин даңазалаган ырларды, поэтикалык чыгармаларды жана сахналаштырылган көркөм көрсөтүүлөрдү тартуулашты. Кыргыз тилинде көркөм окуу, макал-лакап айтуу жана улуттук ыр-бийлер менен коштолгон концерттик бөлүк катышуучуларга өзгөчө маанай тартуулады.
Мындай маданий иш-чаралар жаш муундун эне тилге болгон мамилесин чыңдап, тил аркылуу улуттук баалуулуктарды сактоого өбөлгө түзөт. Ошону менен катар чет өлкөлүк студенттердин да кыргыз тилине болгон кызыгуусу артып, Кыргызстан маданиятына жакындашуусуна шарт түзүлөт.
Иш-чара университеттин «Кыргыз тили жана адабияты» сабагынын окутуучусу К.Ж. Осмонованын демилгеси жана уюштуруучулугу менен өткөрүлүп, жогорку деңгээлде уюштурулгандыгы үчүн студенттер жана окутуучулар тарабынан жылуу пикирлер менен бааланды