Ош эл аралык медициналык университетинин окутуучуларынын макаласы Scopus базасына кирген журналда жарык көрдү

Ош эл аралык медициналык университетинин окутуучуларынын макаласы Scopus базасына кирген журналда жарык көрдү

оэаму ишиму oshimu омму oimu

       Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин илимий-изилдөө долбоорунун алкагында:
«Кыргызстандын азыркы шарттарында балдардын жана чоңдордун физикалык статусун дене түзүлүшүнүн, этностук, жыныстык жана жаш өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен баалоо»-
аттуу тема боюнча Ош эл аралык медициналык университетинин окутуучулары — К.Ш. Сакибаев, С.Дж. Джолдубаев  жана Н.М.Ташматова — кезектеги илимий эмгегин жарыялашты.

       Макала эл аралык Scopus базасына кирген жана 3-квартилде (Q3) жайгашкан илимий журналда жарыяланды. Изилдөөдө соматотипти баалоодо антропометриялык ыкма менен биоэлектрдик импеданс анализинин салыштырма анализи жүргүзүлдү. Натыйжада бул эки ыкманын ортосунда айырмачылыктар жана төмөн деңгээлдеги шайкештик аныкталды. Бул жыйынтыктар соматотипти баалоо ыкмасын изилдөөнүн максаттарына жараша туура тандоо зарылдыгын көрсөтөт.

       Алынган маалыматтар Кыргызстандын ар кайсы аймактарындагы чоңдордун май топтолушунун (өлчөмү жана жайгашуусу) өзгөчөлүктөрүн мүнөздөгөн морфологиялык белгилерди терең изилдөөгө негиз болот. Ошондой эле эндогендик (этногенетикалык, жыныстык-жаштык) жана экзогендик (экологиялык, климаттык-географиялык, социалдык-экономикалык) факторлордун ашыкча салмак топтоо жана семирүүнүн өнүгүшүнө тийгизген таасири каралат.

       Бул илимий эмгектин жарыяланышы ОЭАМУнун окутуучулары актуалдуу маселелерди изилдөөгө активдүү катышып жатканын жана университеттин эл аралык илимий аренадагы абалын чыңдап жатканын айгинелейт.



Фото галерея