ОЭАМУнун окутуучусу Индияда профориентациялык иш-чараларды өткөрүүдө
Ош эл аралык медициналык университетинин окутуучусу Султанмахмутова Нурзат Индияда иш сапары менен жүрүп, активдүү түрдө профориентациялык иштерди жүргүзүүдө жана университетти эл аралык деңгээлде таанытууда.
Ал өзүнүн ишин Ахмедабад шаарында баштап, атактуу White Coat аземине катышты. Бул иш-чарада ал ОЭАМУну тааныштырып, университетте билим алуунун артыкчылыктары, студенттер үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр жана Кыргызстан эмне үчүн медициналык билим алуу үчүн барган сайын жагымдуу багыт болуп баратканы тууралуу айтып берди.
Мындан тышкары, Султанмахмутова Нурзат бир катар билим берүү агенттиктерин да зыярат кылып, алардын өкүлдөрүн университеттин ишмердүүлүгү менен тааныштырды. Тактап айтканда, Раджастан штатында, Джайпур шаарында талапкерлер менен жолугушуулар жана кеңешмелер өткөрүлдү. Бул иш-чаралар чоң кызыгуу жаратты, көптөгөн студенттер дал ОЭАМУда окууга кызыкдар экендигин билдиришти.
Иш башка аймактарда да уланууда. Харьяна штатында Нурзат белгилүү Admission Mantra агенттигинде подкаст жазууга катышып, ОЭАМУнун билим берүү программалары жана чет өлкөлүк студенттер үчүн шарттары тууралуу маалымат берди. Мындан тышкары, талапкерлер жана алардын ата-энелери үчүн биргелешкен консультациялар өткөрүлдү. Жолугушуулардын жыйынтыгында дагы 10 студентти ОЭАМУга жөнөтүү боюнча макулдашууга жетишилди.
Мындан мурда ал Индиядагы эң ири агенттиктердин бири болгон RMC менен жолугушту. Бул агенттик 25 жылдан бери эл аралык билим берүү тармагында иштеп келет. ОЭАМУ үчүн бул агенттик менен биринчи жолу кызматташуу башталып жатат жана бул жаңы өнөктөштүк Индиядан студенттерди тартууда жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.
Сапар уланууда. Алдыда дагы бир катар жолугушуулар жана иш-чаралар күтүлүүдө. Алар ОЭАМУнун эл аралык байланыштарын чыңдоого, өнөктөштүк тармагын кеңейтүүгө жана таланттуу жаштарды Кыргызстанда билим алууга тартууга багытталган.
Ош эл аралык медициналык университети эл аралык аренада өзүнүн позициясын бекемдеп, сапаттуу медициналык билимди жайылтып, дүйнөнүн бардык бурчунан келген студенттерге кесиптик кыялдарын ишке ашырууга шарт түзүп берүүдө.