Ош эл аралык медициналык университетинде окумуштуулар кеңеши болуп өттү
2025-жылдын 8-сентябрында Ош эл аралык медициналык университетинде окумуштуулар кеңешинин жыйыны болуп өтүп, анда уюштуруучулук жана билим берүү тармагындагы маанилүү маселелер каралды.
Жыйындын башында университеттин ректору доклад жасап, окуу процессинин натыйжалуулугун жогорулатууга жана башкарууну оптималдаштырууга багытталган жаңы кадрдык түзүмдү тааныштырды. Ошондой эле, Административдик кеңештин жана Окумуштуулар кеңешинин мүчөлөрүнүн тизмеси жарыяланып, жетекчилик органдардын ишинин ачыктыгын жана айкындуулугун камсыз кылуудагы маанилүү кадам болду.
Жыйында өзгөчө көңүл кадрдык өзгөрүүлөргө бурулду. Ректор төмөнкү дайындоолорду тааныштырды:
-
факультеттин деканы болуп биология илимдеринин кандидаты, доцент Ташматова Н.М. дайындалды;
-
тарбия иштери боюнча декандын орун басары – Абдуллаева Б.А.;
-
практика боюнча декандын орун басары – Нишанкулова Э.Д.;
-
жаратылыш-гуманитардык дисциплиналар кафедрасынын башчысы – философия илимдеринин кандидаты, доцент Юсупова Р.О.;
-
клиникалык дисциплиналар кафедрасынын башчысы – медицина илимдеринин кандидаты, доцент Абдимомунова Б.Т..
Мындан тышкары, бир катар кафедраларда жаңы завучтар дайындалды.
Ректор белгилегендей, жаңы түзүм менен кадрдык өзгөрүүлөр университеттин потенциалын чыңдоого, илимий жана тарбиялык ишмердүүлүктү өркүндөтүүгө, ошондой эле студенттерди даярдоонун сапатын жогорулатууга өбөлгө түзөт.
Жыйындын соңунда университет жетекчилиги профессордук-окутуучулук курамы жана администрациянын биргелешкен аракеттери Ош эл аралык медициналык университетинин өсүшүнө жана заманбап медициналык билим берүү борбору катары аброюн чыңдоого шарт түзөрүнө ишеним билдирди.