ОЭАМУ I Эл аралык студенттик олимпиадага катышууга чакырабыз

ОЭАМУ I Эл аралык студенттик олимпиадага катышууга чакырабыз

oimu оэаму medical university

Ош эл аралык медициналык университети морфологиялык дисциплиналар боюнча I Эл аралык студенттик олимпиадага катышууга чакырат

2026-жылдын 3-апрелинде Ош эл аралык медициналык университетинде «Anatomy Is Destiny» аттуу морфологиялык дисциплиналар боюнча I Эл аралык студенттик олимпиада өтөт.

Олимпиадага медициналык жогорку окуу жайларынын студенттери катыша алышат. Олимпиада орус жана англис тилдеринде өткөрүлөт. Ар бир окуу жайдан 3 студенттен турган бир команда катышат.

Программада анатомия, гистология, патологиялык анатомия, топографиялык анатомия боюнча сынактар, ошондой эле практикалык тапшырмалар жана чыгармачылык конкурс каралган.

Өтүнмөлөр 2026-жылдын 20-мартына чейин кабыл алынат.

Өтүүчү жери: Ош шаары, Алымбек Датка көчөсү, 428, Ош эл аралык медициналык университети.
Байланыш: +996 555 066 287, info@oimu.edu.kg



Фото галерея