Индиялык лекторлор менен оффлайн лекциялар: FMGE/NEXTке даярдык

Индиялык лекторлор менен оффлайн лекциялар: FMGE/NEXTке даярдык

oimu оэаму medical university

    Ош эл аралык медициналык университетинин 5-курс студенттери үчүн  FMGE/NEXT экзамендерине даярдык көрүү боюнча оффлайн лекциялардын сериясы өтөт. Иш-чара 28-февралдан 14-мартка чейин Индиядан чакырылган лекторлордун катышуусунда уюштурулуп, 5-курстун студенттери үчүн FMGE/NEXT тапшырууга даярдануунун алкагында өткөрүлөт.

Программада төмөнкү лекциялар каралган:

  • 28.02–02.03 — ЛОР органдары боюнча лекциялар, лектор доктор Шубхам Миттал

  • 05.03–07.03 — педиатрия боюнча лекциялар, лектор доктор Ашок Сингарам

  • 09.03–14.03 — микробиология боюнча лекциялар, лектор доктор Ашвани Ранджан

     Лекциялар билимди системалаштырууга, маанилүү темаларды талдоого жана FMGE/NEXT экзамендерине практикалык даярдыкты күчөтүүгө багытталат. 5-курстун студенттерин активдүү катышууга жана тажрыйбалуу адистерден билим алууга чакырабыз.



Фото галерея