IX Эл аралык илимий конференция

IX Эл аралык илимий конференция

oimu оэаму medical university

       Ош эл аралык медициналык университети профессор И.Э. Есауленконун жаркын элесине арналган IX Эл аралык илимий конференцияга катышууга чакырат: «Фундаменталдык жана колдонмо медициналык изилдөөлөрдүн клиникалык-морфологиялык аспектилери». Конференция 2026-жылдын 17-мартында өткөрүлөт.

       Уюштуруучулар жана өнөктөштөр: Н.Н. Бурденко атындагы Воронеж мамлекеттик медициналык университети, Патрис Лумумба атындагы Россия элдер достугу университети, Беларусь мамлекеттик медициналык университети, Ош эл аралык медициналык университети, Андижан мамлекеттик медициналык институту, Россиянын анатомдорунун, гистологдорунун жана эмбриологдорунун Илимий медициналык коому.

Катышуу форматтары: офлайн (бетме-бет) жана заочно/онлайн.

Конференциянын тематикасы:

  • интегративдүү антропонутрициология;

  • клиникалык, варианттык жана жаш өзгөчөлүктүк анатомия;

  • эксперименталдык жана клиникалык морфология;

  • морфологиялык изилдөөлөрдүн биоэтикалык маселелери;

  • морфологиялык жана медико-биологиялык дисциплиналарды окутуунун актуалдуу маселелери.

Материалдарды жарыялоо: конференция материалдары илимий эмгектер жыйнагында басылып чыгып, Elibrary.ru платформасына жайгаштырылат жана РИНЦ базасында индекстелет.

Материалдарды кабыл алуу мөөнөтү: 2026-жылдын 1-мартына чейин.

Кантип катышууга/жарыялоого өтүнмө берүү керек:
cingulum@yandex.ru электрондук дарегине (2026-жылдын 1-мартына чейин) төмөнкүлөрдү жөнөтүү керек: катышуу формасын, баяндаманын темасын, авторлор тууралуу маалыматты, кызмат ордун, иштеген мекемени жана e-mail дарегин көрсөткөн эркин формадагы өтүнмө, ошондой эле макаланын файлын тиркөө. Каттын темасында: «IX Международная конференция–2026» деп көрсөтүңүз.

Кошумча маалымат: офлайн катышуу боюнча чечимди уюштуруу комитети кабыл алат; бардык материалдар рецензияланып, «Антиплагиат» системасы аркылуу текшерилет.

Уюштуруу комитетинин байланыш адамы:
профессор Н.Т. Алексеева, адамдын нормалдуу анатомиясы кафедрасынын башчысы
тел.: +7-919-240-91-22
e-mail: alexeevant@list.ru



Фото галерея