FMGE лекциялары
2026-жылдын 13–17-февралында Ош эл аралык медициналык университетинде Индия Республикасынан чакырылган лектор — доктор Салман «Микробиология» адистиги менен циклдык сабактар өтөт.
Бул иш-чара университеттин билим берүүнүн сапатын жогорулатуу жана эл аралык рейтингин бекемдөө боюнча туруктуу ишмердүүлүгүнүн алкагында, ошондой эле студенттерди чет өлкөлүк медициналык комиссиянын экзаменине даярдоого багытталган. Жолугушууларда доктор Салман экзамен тууралуу негизги маалыматтарды берип, микробиология боюнча базалык темаларды түшүндүрөт, теорияны клиникалык байланыш менен талдап, ошондой эле экзамендин практикалык бөлүгүнө даярдануу боюнча сунуштарын бөлүшөт.
Күндөрү: 13.02.2026 – 17.02.2026
Убактысы: 10:00 – 19:00