ОЭАМУда Жаңы жылды майрамдоо!

ОЭАМУда Жаңы жылды майрамдоо!

oimu оэаму medical university

2025-жылдын 26-декабрында саат 10:00дө университеттин актовый залында Жаңы жылды майрамдоого арналган салтанаттуу иш-чара өтөт.

Иш-чарага университеттин бардык студенттери жана кызматкерлери чакырылат. Майрамдын алкагында студенттер үчүн чыгармачыл конкурс уюштурулат: ар бир академиялык топтун өкүлдөрү жомок каармандарын өзгөчө форматта көрсөтүшөт. Конкурстун милдеттүү шарты — каармандардын костюмдарында медицина элементтеринин болушу.

Майрамдык программа кызыктуу, креативдүү өтүп, бардык катышуучуларга Жаңы жылдык маанай жана позитивдүү эмоциялар тартуулайт.

Сиздерди майрамга күтөбүз!



Фото галерея