«ВИЧ жана стигматизация» темасында лекция
2025-жылдын 1-декабрында саат 15:00дө Ош эл аралык медициналык университетинде «ВИЧ жана стигматизация» темасында лекция өтөт.
Иш-чараны психолог Мухаммед Диор Мамир өткөрүп, ВИЧ менен жашаган адамдарга карата коомдук стигманын таасири, анын пайда болуу себептери жана медициналык практикадагы этика менен эмпатиянын мааниси тууралуу маалымат берет.
Лекцияга бардык курстардын студенттери жана окутуучулар чакырылат.