VIII Эл аралык илимий конференция «Фундаменталдык жана колдонмо медицина изилдөөлөрүнүн клинико-морфологиялык аспектилери»
Урматтуу кесиптештер!
Сиздерди 2025-жылдын 7-ноябрында өтө турган «Фундаменталдык жана колдонмо медицина изилдөөлөрүнүн клинико-морфологиялык аспектилери» аттуу VIII Эл аралык илимий конференцияга катышууга чакырабыз.
Катышуу түрлөрү: жүзмө-жүз, онлайн жана сырттан катышуу.
Конференциянын негизги багыттары:
-
Интегративдик антропонутрициология;
-
Клиникалык, варианттык жана жаш курактык анатомия;
-
Эксперименталдык жана клиникалык морфология;
-
Морфологиялык изилдөөлөрдүн биоэтикалык маселелери;
-
Морфологиялык жана медико-биологиялык дисциплиналарды окутуунун актуалдуу маселелери.
Конференциянын материалдары Elibrary.ru сайтында жарыяланып, РИНЦ базасында индекстелет.
Маанилүү мөөнөттөр:
-
Катышуу үчүн арыз тапшыруу – 2025-жылдын 1-ноябрына чейин;
-
Макалаларды кабыл алуу – 2025-жылдын 7-ноябрына чейин.
Материалдарды жөнөтүү дареги: cingulum@yandex.ru
(каттын темасында «VIII Эл аралык конференция-2025» деп көрсөтүү зарыл).
Бардык материалдар рецензиядан өтүп, «Антиплагиат» системасы аркылуу текшерилет.