Индиядан чакырылган лектор доктор Мохаммед Азам тарабынан FMG/NEXT программасы боюнча анатомия сабактары өтөт
2025-жылдын 24-октябрында Ош эл аралык медициналык университетинде FMG/NEXT программасынын алкагында анатомия боюнча лекциялар өткөрүлөт. Сабактарды Индиядан чакырылган лектор — доктор Мохаммед Азам алып барат.
Лекциялар 1-курс (1- жана 2-семестр) студенттери үчүн арналган жана анатомия боюнча терең билим алууга, кесиптик даярдыкты өркүндөтүүгө, ошондой эле FMG/NEXT экзаменинин түзүлүшү жана талаптары менен таанышууга багытталган.
Лекциялардын убактысы:
Биринчи агым: 10:00 – 12:30
Экинчи агым: 14:00 – 16:00
Бул лекциялар студенттер үчүн анатомия боюнча билим деңгээлин жогорулатууга жана эл аралык медициналык билим берүү стандарттарына ылайык даярданууга чоң мүмкүнчүлүк болот.