ОЭАМУда «СТУДЕНТ – ОЭАМУ – АТА-ЭНЕ» аттуу тарбиялык иштер декадасы пландалууда
2025-жылдын 6-октябрынан 16-октябрына чейин ОЭАМУде билим алып жаткан студенттердин окуудагы жетишкендиктери, сабактарга катышуу абалы, жүрүм-турумдары, жатаканадагы жашоо шарттары, адаптациясы жана университеттин ички тартип эрежелери сыяктуу маалыматтарды ата-энелерге жеткирүү жана алар менен болгон кызматташтыкты күчөтүү максатында «Студент – ОЭАМУ – Ата-эне» аттуу тарбиялык иштердин декадасын өткөрүү пландаштырылууда. Ар бир кураторго белгиленген мөөнөт ичинде декаданын план-программасына ылайык көрсөтүлгөн иш-чараларды уюштуруп, өткөрүү бекитилген.