Ош эл аралык медициналык университетинин Окуу-усулдук кеңеши (ОУК) университеттин окуу жана усулдук иштерин координациялоону жана уюштурууну жүзөгө ашыруучу туруктуу коллегиялык орган болуп саналат. ОУК университеттин Окумуштуулар кеңешинин алдында иш алып барып, Кыргыз Республикасынын жогорку медициналык билим берүү системасынын талаптарына жана эл аралык билим берүү стандарттарына ылайык билим берүү процессинин сапатын жогорулатуу, окутуунун заманбап ыкмаларын изилдөө, талдоо, жалпылоо жана ишке киргизүү максатында иш жүргүзөт.
ОУКтун негизги максаты — Кыргыз Республикасында жана эл аралык деңгээлде ийгиликтүү иштей алган атаандаштыкка жөндөмдүү медициналык кадрларды сапаттуу даярдоону камсыз кылуу.
ОУКтун негизги милдеттери:
• университеттин окуу-усулдук иштеринин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо;
• кафедралардын окуу-усулдук документтерди иштеп чыгуу жана өркүндөтүү боюнча ишмердүүлүгүн координациялоо;
• билим берүү программаларын талдоо жана өркүндөтүү;
• кафедраларга жана жаш окутуучуларга усулдук жардам көрсөтүүнү уюштуруу;
• заманбап билим берүү технологияларын жана инновациялык окутуу ыкмаларын киргизүү;
• электрондук жана англис тилиндеги окутуу системасын өркүндөтүү;
• окуу-усулдук колдонмолорду, ОМКларды, силлабустарды жана башка усулдук материалдарды басып чыгарууга сунуштоо жана кароо;
• алдыңкы педагогикалык жана усулдук тажрыйбаларды жайылтуу.
2025-жылдан тартып Ош эл аралык медициналык университетинин Окуу-усулдук кеңешинин ишмердүүлүгү университеттин Окумуштуулар кеңеши тарабынан бекитилген жаңыланган ОУК жөнүндө Жобого ылайык жүргүзүлөт. Жободо медициналык билим берүү системасынын заманбап талаптарын, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик билим берүү стандарттарын жана билим сапатын камсыздоо боюнча эл аралык талаптарды эске алуу менен ОУКтун түзүмү, негизги иш багыттары, функциялары жана иш жүргүзүү тартиби аныкталган.