ОЭАМУнун негизги лекция залы жаңыртылып, оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат.
Ош Эл аралык Медициналык Университетинде негизги лекция залынын капиталдык оңдоо жана модернизациялоо иштери жүрүп жатат.
Бул иш-чаралардын максаты – медициналык билим берүүдөгү заманбап талаптарга жооп берген, студенттер үчүн дагы, окутуучулар үчүн дагы ыңгайлуу шарттарды түзүү. Жобонун алкагында жарыктандыруу, желдетүү, акустика жана мультимедиалык жабдуулар жаңыртылып, ички жасалгалоо иштери жүргүзүлөт. Жаңы келбеттеги лекция залы 2025-жылдын сентябрь–октябрь айларына карата колдонууга берилиши күтүлүүдө.
Ремонт толугу менен бүткөндөн кийин зал заманбап технологиялар менен жабдылып, билим берүү процессин жеңилдеткен ыңгайлуу мейкиндикке айланат. Университеттин жетекчилиги белгилегендей, заманбап билим берүү чөйрөсүн түзүү — ОшММУнун өнүгүүсүндөгү артыкчылыктуу багыттардын бири болуп саналат.
Мындан тышкары, университеттин кампусунун биринчи кабатында жана тепкич аянтчасында да оңдоо иштери уланууда.