Ош Эл аралык Медициналык Университетинин өкүлдөрү Индияда иш сапар менен жүрүшөт
Ош Эл аралык Медициналык Университетинин өкүлдөрү — кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы жана кафедра башчысы Эльнура Нишанкулова жана эл аралык бөлүмдүн адиси Тахмина Султанова Индияда иш сапар менен жүрүшөт. Сапардын максаты — профориентациялык иш-чараларды өткөрүү жана медициналык билим берүү жаатындагы кызматташууну кеңейтүү.
Иш сапардын алкагында делегация Индиянын бир катар штаттары менен шаарларында — Раджастан, Уттар-Прадеш, Дели жана Дехрадун, Горахпур, Алигарх, Морадабад жана Баруч шаарларында талапкерлер жана билим берүү кеңешчилери үчүн бир нече семинарларды өткөрдү. Бул иш-чаралар Кыргызстандын жогорку сапаттагы медициналык билим берүү мүмкүнчүлүктөрү жана өзгөчө Ош Эл аралык Медицина Университетинде окуунун артыкчылыктары тууралуу маалымат берүү максатында уюштурулган.
Мындан тышкары, университеттин өкүлдөрү чет өлкөгө студенттерди жөнөтүүгө адистешкен индиялык билим берүү агенттиктери менен жолугушууларды өткөрүүдө. Презентациялар учурунда делегация окуу программалары, билим алуу жана жашоо шарттары тууралуу кеңири маалымат берип, кызыккан тараптардын бардык суроолоруна жооп берүүдө.
Азыркыга чейин 6дан ашык семинар өткөрүлдү жана бул багытта иш уланууда. Жакынкы пландарда ОЭМУ өкүлдөрү Индиянын дагы бир нече штаттарын — Махараштра жана Гуджаратты — кыдырууну жана кызматташтыкты кеңейтүүнү, ошондой эле студенттерди тартууну көздөшүүдө.