Индиялык билим берүү агенттиктеринин өкүлдөрү Ош эл аралык медициналык университетине келишти
2025-жылдын 17-июнунда Ош эл аралык медициналык университетине Индиянын чет өлкөгө студенттерди жөнөтүүгө адистешкен он алдыңкы билим берүү агенттиктеринин өкүлдөрүнөн турган делегация расмий визит менен келди. Алар Индиянын ар түрдүү аймактарынан келишкен.
Конокторду университеттин жетекчилиги жылуу тосуп алып, расмий түрдө кабыл алды. Агенттиктердин өкүлдөрү үчүн окуу корпусун, заманбап лабораториялар, китепкана жана башка негизги инфраструктуралык объектилер боюнча кеңири экскурсия уюштурулду. Өзгөчө көңүл университеттин материалдык жана техникалык базасына, практикалык сабактар жана илимий ишмердүүлүк үчүн түзүлгөн шарттарга бурулду.
Визиттин негизги максаты — ОЭАМУ менен Индиялык өнөктөштөрдүн ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо жана билим берүү тармагындагы байланыштарды кеңейтүү. Агенттиктердин өкүлдөрү университеттеги окутуу процесси, билим сапаты жана шарттарга жогору баа берип, келечекте биргелешкен программаларды өнүктүрүүгө жана Индиялык студенттерди тартууга кызыгууларын билдиришти.
Ош эл аралык медициналык университети эл аралык кызматташууну мындан ары да активдүү өнүктүрүп, чет өлкөлүк студенттер үчүн сапаттуу медициналык билим алууга кеңири мүмкүнчүлүктөрдү ачууда. Индиялык билим берүү агенттиктеринин сапары университеттин аймактагы алдыңкы медициналык ЖОЖдордун бири катары позициясын чыңдоодо маанилүү кадам болду.