ОЭАМУда оңдоо иштери уланууда: билим берүү чөйрөсүн жаңыртуу – негизги максат

оэаму ишиму oshimu омму oimu

       Ош эл аралык медициналык университетинде инфраструктураны жаңыртуу жана студенттер, окутуучулар менен коноктор үчүн ыңгайлуу, коопсуз шарттарды түзүү максатында чоң оңдоо иштери жүрүп жатат.

       Азыркы этапта административдик имараттын биринчи кабаты толук ремонттон өтүүдө. Иш-чаралар төмөнкү иштерди камтыйт:

  • Кирүүчү жана ички эшиктерди толук алмаштыруу

  • Замандын талабына ылайык дубалдарды жасалгалоо

  • Шыптар менен полдорду жаңыртуу

  • Электр зымдарын жана жарыктандыруу системасын модернизациялоо

         Окуу жайдын жетекчилиги эстетикалык көрүнүш менен катар функционалдуулук жана коопсуздукка өзгөчө көңүл бурат. Бардык иштер заманбап билим берүү чөйрөсүнө ылайык стандарттарга ылайык жүргүзүлүүдө.
         Ош эл аралык медициналык университети өнүгүүнү активдүү улантууда. Бул оңдоолор – сапаттуу жана заманбап билим берүү мекемесин түзүү жолундагы маанилүү кадам.



Фото галерея