Ош эл аралык медициналык университетинин өкүлдөрү Индияга иш сапары менен барышат
Ош эл аралык медициналык университети эл аралык кызматташууну өнүктүрүү жана билим берүү тармагындагы байланыштарды бекемдөө максатында Индия Республикасына иш сапарга чыгууга даярданууда. Бул сапардын негизги максаты — Индиядагы потенциалдуу талапкерлер менен жолугушууларды өткөрүү, университет тууралуу маалымат берүү жана Кыргызстандын медициналык билим берүү мүмкүнчүлүктөрүн таанытуу.
ОЭАМУнун делегациясы Индиянын тогуз шаарын кыдырат. Алардын катарына:
Нью-Дели, Сахаранпур, Бижнор, Морадабад, Алигарх, Калькутта жб кирет.
Сапардын алкагында төмөнкүдөй иш-чаралар пландалган:
- Англис тилинде окутулуучу билим берүү программаларын тааныштыруу;
- Талапкерлер жана алардын ата-энелери менен жолугушуулар, анда окутуунун шарттары, жатакана, окуу баасы, студенттик жашоо жана бүтүргөндөн кийинки мүмкүнчүлүктөр тууралуу кеңири маалымат берилет.
Сапардын жүрүшүндө университеттин маалыматтык материалдары, видеопрезентациялар көрсөтүлүп, жеке консультациялар да уюштурулат. Бул визит университеттин интернационализация процессинде, дүйнөлүк билим берүү мейкиндигине интеграция жолунда маанилүү кадам болот.