ОЭАМУда Жыйынтыктоочу Мамлекеттик Аттестациянын экинчи жана үчүнчү этаптары өткөрүлдү.

оэаму ишиму oshimu омму oimu

                2025-жылдын 5-июнунда Ош эл аралык медициналык университетинде "Дарылоо иши" багыты боюнча бүтүрүүчү курсунун студенттери үчүн Жыйынтыктоочу Мамлекеттик Аттестациянын экинчи жана үчүнчү этаптары өткөрүлдү.

                 Экинчи этап университеттин симуляциялык борборунда өтүп, анда студенттер негизги клиникалык дисциплиналар боюнча практикалык көндүмдөрүн көрсөтүштү. Бүтүрүүчү дарыгерлер манекендерде интубация, белгилүү даттануулары бар бейтапты пальпациялоо, жаңы төрөлгөн ымыркайды Апгар шкаласы боюнча баалоо сыяктуу реалдуу клиникалык кырдаалдарды моделдештиришти.

             Үчүнчү этап оозеки экзамен түрүндө өткөрүлдү. Бардык үч этап мамлекеттик экзамендик комиссиянын катышуусунда өтүп, ага иштеп жаткан дарыгерлер жана университеттин окутуучулары кирди. Студенттер теориялык билимин, клиникалык ой жүгүртүүсүн жана өз алдынча дарыгерлик практика жүргүзүүгө даярдыгын көрсөтүштү.

            Экзамендик иш-чаралар бекитилген жобого ылайык катуу тартипте, мамлекеттик комиссиянын көзөмөлүндө өткөрүлдү. Аттестация бүтүрүүчүлөрдүн жогорку деңгээлде даярдалганын жана заманбап саламаттыкты сактоо талаптарына ылайык компетенцияларга ээ экендигин тастыктады.



Фото галерея