ОЭАМУда спорт фестивали өттү!
30-май күнү Ош эл аралык медициналык университетинде салтка айланган спорттук фестиваль болуп өттү. Бул күнү студенттер каббади, волейбол жана шахмат боюнча күч сынашып, достукту жана командадык рухту көрсөтүштү.
Каббади — командалар чеберчилигин жана биримдигин көрсөтүштү.
Волейбол — оюн курч жана кызыктуу өттү.
Шахмат — акыл таймашы студенттердин логикалык ой жүгүртүүсүн ачып берди.
Фестивалда студенттердин активдүү катышуусу жана достук маанайы байкалды. Жеңүүчүлөргө дипломдор жана эстелик белектер тапшырылды.
ОЭАМУнун жамааты бардык катышуучуларга ыраазычылык билдирет! Ушундай иш-чаралар студенттердин ден соолугуна гана эмес, алардын лидерлик жана командалык сапаттарын өнүктүрүүгө да салым кошот.