Ош эл аралык медициналык университетинде мамлекеттик жыйынтыктоо аттестациясынын биринчи этабы өттү
2025-жылдын 2-июнунда Ош эл аралык медициналык университетинде «560001 Дарылоо иши» багыты боюнча бүтүрүүчү курсунун студенттери үчүн мамлекеттик жыйынтык аттестациянын биринчи этабы ийгиликтүү өттү.
Экзамен компьютердик тест түрүндө өтүп, бүтүрүүчүлөрдүн кесиптик билимин жыйынтыктоочу маанилүү баалоо этабы болуп эсептелди.
Мамлекеттик аттестациялык комиссиянын курамына медицина тармагындагы алдыңкы адистер жана университеттин окутуучулары кирди:
• Мирзакулов Дилшад Саматович – комиссиянын төрагасы, «АНДРОМЕД» медициналык борборунун директору, Россия Федерациясынын эмгек сиңирген дарыгери, Россия Илимдер Академиясынын профессору, Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер Академиясынын Түштүк бөлүмүнүн тоо физиологиясы жана медицина институтунун улук илимий кызматкери, уролог-дарыгер.
• Карабеков Тариел Ыбышович – эксперт, «Барчын» дарылоо-алдын алуу борборунун жетекчиси, Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо тармагынын эмгек сиңирген дарыгери.
• Аматахунов Кахрамон Розижанович – комиссиянын мүчөсү, «Касиет» клиникасынын жетекчиси, Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо тармагынын эмгек сиңирген дарыгери.
• Омурзакова Айсулуу Эрмековна – клиникалык дисциплиналар кафедрасынын улук окутуучусу.
• Султанмахмутова Нурзат Султанмахмудовна – клиникалык дисциплиналар кафедрасынын улук окутуучусу.
Экзамен Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин талаптарына ылайык уюштурулуп, билимди калыс баалоонун бардык нормативдери жана критерийлери сакталды.
Университеттин жетекчилиги комиссиянын мүчөлөрүнө кесипкөйлүгү жана келечектеги адистерди даярдоого кошкон салымы үчүн терең ыраазычылык билдирет, ал эми студенттерге – жоопкерчиликтүү мамилеси жана жогорку академиялык деңгээли үчүн ыраазычылык билдирет.