IX Бүткүл Орусиялык анатомдор, гистологдор жана эмбриологдор конгресси, эл аралык катышуу менен - «XXI кылымдагы фундаменталдык жана колдонмолук морфология» - аттуу темада өттү.

оэаму ишиму oshimu омму oimu

       2025-жылдын 28-30-май аралыгында Оренбург мамлекеттик медициналык университетинин базасында IX Бүткүл Орусиялык анатомдор, гистологдор жана эмбриологдор конгресси, эл аралык катышуу менен өттү. Конгресс " XXI кылымда фундаменталдык жана колдонмолук морфология" темасында өтүп, Россиянын медицина илимдеринин доктору И.И. Каганнын 95 жылдыгына жана РАМН жана РАН академиги, Россиянын медицина илимдеринин доктору М.Р. Сапиндин 100 жылдыгына арналды.

       Конгресстин негизги максаттары – илимди танымал кылуу, анатомия жана гистология изилдөөлөрүнүн алдынкы натыйжаларын практикага киргизүү, Россиянын ар кандай аймактарынан жана чет өлкөлөрдөн келген морфологиялык илимий мектептеринин тажрыйбасын алмашуу, жаш илимпоздорду, аспиранттарды жана студенттерди даярдоо. Конгресстин маанилүү натыйжасы илимий коомдун жана морфологиялык дисциплиналардын кийинки өнүгүү багытын аныктоо болуп саналат.

       Конгрессте пленардык жана секциялык жыйындар, постердик сессиялар өткөрүлүп, анда варианттык анатомия, эксперименталдык, курактык, конституционалдык жана ветеринардык морфология, клеткалык биология, экологиялык жана регенеративдик медицина, 3D - анатомия, морфологиядагы жасалма интеллект, эксперименталдык хирургия жаңы билим берүү технологиялары жана башка маанилүү маселелер боюнча баяндамалар окулду жана талкууланды.

       IX Конгресс илимий медициналык коомунун анатомдары, гистологдору жана эмбриологдорунун Россиядагы чоң эл аралык резонанска ээ болуп, жакын жана алыскы чет өлкөлөрдүн илимпоздорунун интеграциясын жогорулатууга салым кошту. Конгресске Россиянын бардык аймактарынан жана бир катар чет өлкөлөрдөн келген морфолог-илимпоздор катышты. Ош шаарынан морфологдор делегациясын жетектеген адам - ОЭАМУнун проректору, доцент К.Ш. Сакибаев болду.

       



Фото галерея