ОЭАМУдагы бүтүрүү күнү: студент-медиктерди салтанаттуу сыйлоо

оэаму ишиму oshimu омму oimu

2025-жылдын 15-майында Ош эл аралык медициналык университетинде бүтүрүүчүлөрүнө арналган салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү.

Иш-чара өзгөчө дем жана майрамдык маанайда өттү. Студенттик кеңеш тарабынан даярдалган улуттук бийлер жана ырлар менен коштолгон көркөм программалар майрамга өзгөчө кооздук кошту.

Университеттин жетекчилиги бүтүрүүчүлөргө окуу жылдарындагы тынымсыз эмгеги, максаткерлиги үчүн ыраазычылык билдирип, аларга кесиптик өсүш, медициналык этикага берилгендик жана өз кесибине ишеним менен кадам таштоону каалады.

Символикалуу учур – бүтүрүү сертификаттарынын тапшырылышы жана окутуучулардын жылуу каалоо-тилектери болду.

Башка курстагы студенттер бүтүрүүчүлөргө арналган каалоо-видеоролик даярдашса, бүтүрүүчүлөр да өзүнүн окуу жолун видеоформатта көрсөтүшүп, ошол 

учурда болгон сезимдерин, студенттик жылдардагы эсте калган учурларды жана университетке болгон ыраазычылыгын билдирип бөлүшүштү.

ОЭАМУ өз бүтүрүүчүлөрү менен сыймыктанат жана ар бири келечекте медицина тармагында татыктуу кызмат өтөп, коомго пайда алып келип, alma mater’дин кадыр-баркын бекемдейт деп ишенет.



Фото галерея