«Med Quest-2025» медициналык олимпиадасы жана «MED EXPO 2025» көргөзмөсү.
«Med Quest-2025» медициналык олимпиадасы жана «MED EXPO 2025» көргөзмөсү.
2025-жылдын 3-4-майында биздин университет «Med Quest-2025» биринчи медициналык олимпиадасына жана «MED EXPO 2025» көргөзмөсүнө катышты. Олимпиадага жети эл аралык медицина университетинин студенттери келишти. Олимпиада Жалалабад эл аралык университети тарабынан уюштурулуп, Жалалабад шаарындагы университеттин студенттик шаарчасында өттү.
Олимпиаданын биринчи күнүндө 1-жана 2-курс студенттери арасында мелдеш өткөн. Биздин «Diagnostic Dynamos» аттуу командабыз ден-соолукка зыян келтирген жаман адаттар жөнүндө (врачтар жана пациенттер үчүн коркунучтуу) кызыктуу тааныштыруу видеосун даярдап көрсөттү. Экинчи этапта командалар «Kahoot!» платформасында викторина аркылуу билимдерин сынашты. Акыркы бөлүгүндө студенттер адамдын ички органдарынын иштөө системаларын түшүндүрүп көрсөтүштү. «Diagnostic Dynamos» командасы адамдын гепатобилиардык системасынын көргөзүп беришти.
Биринчи күндүн жыйынтыгында биздин команда 5-орунду ээлеп, кубок жана 10 000 сомдук акчалай сыйлыкка татыктуу болду.
Экинчи күнү «MED EXPO 2025» көргөзмөсү өткөн. Бул жерде 3-жана 4-курс студенттери билимдерин жана креативдүү жөндөмдөрүн көрсөтүштү. Студенттер күнү-түнү уктабай иштеп чыккан ички органдардын 3D-моделдерин, стенддерин тартуулашты. Тематикалык стенддер офтальмология, жүрөк-кан тамыр системасы жана туберкулёзго арналган. Көргөзмө убагында келечектеги медиктер жасалган иштери боюнча ишенимдүү түрдө презентация кылып, суроолорго жооп берип, башка университеттердин студенттери менен билимдерин бөлүшүштү. Индиядан келген коноктор да биздин университеттин студенттеринин билим деңгээлине жогору баа беришти. Көргөзмөнүн жыйынтыгында биздин студенттер 100 АКШ долларынын акчалай сыйлыгына жана ардак грамотага татыктуу болушту.
Жалалабад эл аралык университетине (ЖАМУ) бул иш-чараны уюштуруп, чакырыгы үчүн ыраазычылык билдиребиз. Мындай иш-чаралар студенттерге билимдерин көрсөтүүгө, университеттер арасында достук байланыштарды чындоого жана келечектеги жаңы долбоорлорго даярдоого жардам берет.