V Эл аралык студенттик илимий-практикалык конференция: ОЭАМУ студенттеринин жетишкендиктери”
2025-жылдын 24-апрелинде Ташкент медициналык академиясынын базасында V Эл аралык студенттик илимий-практикалык конференция “Студенттик медициналык илимдеги заманбап жетишкендиктер” болуп өттү.
Биздин университеттин студенттери иш-чарага активдүү катышып, актуалдуу медициналык темалар боюнча докладдар менен чыгып, окуу жайын татыктуу деңгээлде көрсөтүштү.
Университет үчүн өзгөчө сыймык болгон учур — олимпиаданын ачылышында онлайн форматта Ош эл аралык медициналык университетинин ректору, медицина илимдеринин кандидаты, доцент Жумаев Равшанбек Мамадиевич саламдашуу сөзүн сүйлөп кеткени. Өз кайрылуусунда ал медициналык билим берүү тармагындагы эл аралык кызматташуунун маанилүүлүгүн белгилеп, илимдин жана студенттик демилгелердин келечектеги дарыгерлердин кесиптик компетенцияларын өнүктүрүүдөгү ролуна токтолду жана бардык катышуучуларга ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалады.
ОЭМУдан конференциянын катышуучулары:
Базаров Улугбек Эркинович (4-курс, дарылоо иши)
Доклад: «Ош облусунда ревматикалык оорулар менен жабыркаган бейтаптарда кардитти диагностикалоонун жана дарылоонун заманбап ыкмалары: далилдер базасы жана аймактар аралык салыштыруу».
Мирусманов Азимжон Талипович (3-курс, дарылоо иши)
Доклад: «Ош облусунда ревматикалык оорулар менен жабыркаган бейтаптарда кардитти диагностикалоонун жана дарылоонун заманбап ыкмалары: далилдер базасы жана аймактар аралык салыштыруу».
Мирусманов Азимжон Талипович (3-курс, дарылоо иши)
Доклад: «Түштүк Кыргызстандын шартында жетилген курактагы аялдардын соматотипологиялык өзгөчөлүктөрү».
Усманжон уулу Илёсбек (3-курс, дарылоо иши)
Доклад: «Балдарды эмдөө: “жактоо” жана “каршы” аргументтерге илимий көз караш».
Жыйынтык: Усманжон уулу Илёсбек өз секциясында 2-орунду ээлеп, жогорку даярдыкты жана илимий талдоо жөндөмүн көрсөттү.
Нематов Хабибулло Отабек уулу (3-курс, дарылоо иши)
Доклад: «Ош шаарынын калкында боор циррозунун өсүшүн алдын алуу».
Ошондой эле, алыскы чет өлкөлүк студенттер онлайн форматта олимпиадага активдүү катышып, өз секцияларында мыкты жыйынтыктарды көрсөтүштү:
Сивакумар Саси Варунан (4-курс, Ош эл аралык медициналык университети)
Тема: «Аллергология жана клиникалык иммунология» — 1-орун.
Рахул Васант Нарваде (3-курс, Ош эл аралык медициналык университети)
Тема: «Психиатрия жана наркология» — 2-орун.
Тумати Махесваран Кеертана (4-курс, Ош эл аралык медициналык университети)
Тема: «Оториноларингология» — 3-орун.
Студенттердин илимий жетекчиси — Тогузакова Жылдыз Абдиганыевна.
Ош эл аралык медициналык университети студенттеринин эл аралык илимий аренадагы ийгиликтери менен сыймыктанат жана алардын академиялык жана кесиптик өнүгүүсүн мындан ары да колдоону улантат.