Англис тили боюнча эл аралык экзамендер: даярдык жана мүмкүнчүлүктөр
Онлайн-презентация өттү, анда Авторизацияланган тест борбору Learning World өкүлү — Сагындыкова 3.Ж. катышты.
Иш-чара ОММУ жамааты үчүн уюштурулуп, англис тили боюнча негизги эл аралык экзамендердин түрлөрү жана аларды тапшыруу тартиби тууралуу түшүндүрүү берилди.
Жолугушуу учурунда катышуучулар экзамендерге даярдануунун өзгөчөлүктөрү, баалоо критерийлери жана талапкерлерге коюлган шарттар менен жакындан таанышышты. Ошондой эле, эл аралык сертификатка ээ болуунун кийинки окууда жана кесиптик ишмердүүлүктө алып келе турган артыкчылыктары тууралуу маалымат берилди.