Академиялык мобилдүүлүк алкагында ОЭАМУ студенттери үчүн конок лекциясы жана мастер-класстар өткөрүлдү
2025-жылдын 4-апрелинде академиялык мобилдүүлүк программасын ишке ашыруу алкагында, расмий чакырууга жана тиешелүү буйрукка ылайык, Ош эл аралык медициналык университетинин Лд-6-23 тайпасынын студенттери үчүн конок лекция жана мастер-класстар уюштурулду.
Бул иш-чаранын демилгечиси — биология илимдеринин кандидаты, окутуучу Орунбаева Бибигүл Маматовна болду. Конок лекторлор катары ОшМУнун медициналык колледжиндеги “Фармацевтикалык дисциплиналар” профилдик-цикликалык комиссиясынын «Фармакогнозия» сабагы боюнча окутуучусу Оморова Айнура жана “Жаратылыш таануу жана так илимдер” ПЦКсынын окутуучусу Абдырахманова Жазгүл катышышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер баалуу теориялык билимдерге жана практикалык көндүмдөргө ээ болушуп, башка окуу жайлардын окутуучулары менен өз ара аракеттенүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Бул алардын кесиптик көз карашын кеңейтүүгө көмөктөштү.