Студенттер медициналык университеттердин "Followers of Avicenna", аттуу V Эл аралык олимпиадасына катышты
2025-жылдын 24-мартында Ташкент медициналык академиясында өткөн медициналык университеттердин студенттери үчүн арналган “Followers of Avicenna” аттуу V Эл аралык олимпиадага биздин студенттер катышты. Бул маанилүү иш-чара дүйнөнүн булуң-бурчунан келген таланттуу студенттерди чогултуп, медицина тармагындагы билимдерин жана жөндөмдөрүн көрсөтүүгө мыкты мүмкүнчүлүк берди.
Катышуучулардын тизмеси:
Махажан Адитья Дхондиба – Микробиология, вирусология жана иммунология
Манси Сатиш Кширсагар – Ички оорулар
Садия Надим – Патологиялык анатомия
Атира Серафин – Патологиялык физиология
Студенттерибизди олимпиададагы татыктуу катышуусу менен чын жүрөктөн куттуктайбыз! Бул тажрыйба алардын кесиптик өсүшүнө жана илимий жетишкендиктерине чоң салым кошот деп ишенебиз!