Ош эл аралык медициналык университетинин студенттеринин кайрымдуулук акциясы

оэаму ишиму oshimu омму oimu

2025-жылдын 26-мартында Ош эл аралык медициналык университетинин студенттери мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректор, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Алиева Чынара Мукашевна менен биргеликте кайрымдуулук акциясын уюштурушуп, карылар жана балдар үчүн интернат үйүнө барышты.

Бул маанилүү сапарга студенттер алдын ала даярданышкан: алар каражат чогултуп, кийим-кече жана белектерди сатып алышып, муктаж адамдарга колдоо көрсөтүү каалоосу менен мекемеге жөнөштү.

Жолугушуу учурунда студенттер жана Чынара Мукашевна белектерди тапшырып гана тим болбостон, карылар жана балдар менен жылуу маек курушуп, көңүл бурушту. Жүрөктөн чыккан баарлашуулар, жылмаюулар жана камкордук атмосферасы бул күндү бардык катышуучулар үчүн өзгөчө кылды.

Мындай демилгелер студенттердин боорукерлигин, социалдык жоопкерчилигин жана коомго пайдалуу болуу аракетин өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт. Биз алардын кайрымдуулук ишине сыймыктанабыз жана бул иш-чара жакшы салтка айланат деп ишенебиз!



Фото галерея