Улуттук университет менен Алыкула Осмоновдун мааракелерине арналган кыргыз тили боюнча олимпиада
2025-жылдын 3-апрелинде Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Ош гуманитардык-табигый факультетинде кыргыз тили боюнча республикалык ЖОЖ аралык студенттик олимпиаданын ачылыш аземи салтанаттуу түрдө болуп өттү. Бул иш-чара Улуттук университеттин 100 жылдыгына жана улуу акын Алыкул Осмоновдун 110 жылдыгына арналды. Олимпиадага ар кандай жогорку окуу жайларынан келген студенттер катышып, мамлекеттик тилге болгон сүйүүсүн жана билимин көрсөтүштү.
Биздин университеттен төмөнкү студенттер катышты:
Мирусманов Азимжон Талипович (ЛД6-1-22)
Таалайбек кызы Перизат (ЛД6-1-23)
Ашурова Мохруза Кушбоевна (ЛД6-1-24)
Студенттердин улук окутуучусу жана насаатчысы Осмонова Кайыргүл Жеңишбаевна болуп, олимпиадага катышуучуларга зор колдоо көрсөттү.