2-курс студенттеринин окуу практикасы боюнча отчету
2026-жылдын 25-майында Ош эл аралык медициналык университетинде 2-курс студенттеринин окуу практикасы боюнча отчетторун тапшыруу иш-чарасы болуп өттү.
Отчетторду практика боюнча декандын орун басары Алимова Муслима, клиникалык дисциплиналар кафедрасынын окутуучусу Керимов Медер жана 2 курс студенттердин практика жетекчиси Абсаттаров Эрлан кабыл алышты. Студенттер «Саламат», «Андрос», «Андромед», жана Кыргыз-Индия клиникаларында практика өтүшүп, медициналык мекемелердин ишмердүүлүгү менен таанышып, теориялык билимдерин практика жүзүндө бекемдөөгө мүмкүнчүлүк алышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер практика учурунда алган тажрыйбалары, бейтаптар менен иштөө өзгөчөлүктөрү жана клиникалык чөйрөдө өздөштүргөн практикалык көндүмдөрү тууралуу айтып беришти. Өзгөчө көңүл практика программасында каралган кесиптик компетенцияларды өздөштүрүүгө бурулду.
Практиканын өтүлгөндүгүн тастыктоо максатында студенттер бөлүмдөрдөгү ишмердүүлүгүн жана аткарылган практикалык тапшырмаларын чагылдырган фото жана видеоматериалдарды көрсөтүштү.
Ошондой эле окутуучулар чек-лист боюнча студенттердин практикалык көндүмдөрүн текшерип, практиканын бардык этаптары ийгиликтүү өткөндүгүн жана силлабуска ылайык бардык зарыл көндүмдөр өздөштүрүлгөндүгүн баалашты.
Практика жетекчилери студенттердин активдүүлүгүн, окууга болгон жоопкерчиликтүү мамилесин жана келечектеги медицина адистерин даярдоодо практикалык даярдыктын маанилүүлүгүн белгилешти.