1-курс студенттеринин окуу практикасы боюнча отчету
2026-жылдын 25-майында Ош эл аралык медициналык университетинде 1-курс студенттеринин Ош шаардык клиникалык ооруканасынын базасында өткөн окуу практикасы боюнча отчетторун тапшыруу иш-чарасы болуп өттү.
Отчетторду практика боюнча декандын орун басары Алимова Муслима жана клиникалык дисциплиналар кафедрасынын окутуучусу Абсаттаров Эрлан кабыл алышты. Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер практика учурунда алган тажрыйбалары жана өздөштүргөн практикалык көндүмдөрү тууралуу айтып беришти.
Келечектеги дарыгерлер практика медициналык кызматкерлердин ишмердүүлүгү менен жакындан таанышууга, дарылоо процессинин өзгөчөлүктөрүн түшүнүүгө жана теориялык билимдерин практикада бекемдөөгө чоң мүмкүнчүлүк бергенин белгилешти. Ошондой эле студенттер бейтаптар менен баарлашуу, медициналык этиканы сактоо жана бейтаптарды кароонун негиздери боюнча алган көндүмдөрү тууралуу маалымат беришти.
Студенттер практика учурундагы активдүү катышуусун тастыктоо максатында оорукананын бөлүмдөрүндө тартылган фото жана видеоматериалдарды көрсөтүштү.
Отчетторду кабыл алуу учурунда окутуучулар чек-лист боюнча студенттердин практикалык көндүмдөрүн дагы текшеришти. Өзгөчө көңүл студенттер практиканын бардык этаптарынан өткөндүгүнө жана силлабуска ылайык бардык зарыл компетенцияларды өздөштүргөндүгүнө бурулду.
Практика жетекчилери студенттердин жоопкерчилигин, кесипке болгон кызыгуусун жана келечектеги медицина адистерин даярдоодо клиникалык чөйрөгө эрте аралашуунун маанилүүлүгүн белгилешти.