2-курс студенттери үчүн нускама жыйыны

2-курс студенттери үчүн нускама жыйыны

оэаму ишиму oshimu омму oimu

24.04.2026 күнү Ошский международный медицинский университет окуу жайында өндүрүштүк практиканын башталышына байланыштуу жергиликтүү жана чет өлкөлүк 2-курс студенттери үчүн нускама жыйыны өткөрүлдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө студенттерге практиканын максаты жана милдеттери, аны өтүү талаптары жана отчеттук документацияларды тариздөө тартиби кеңири түшүндүрүлдү. Өзгөчө көңүл медициналык уюмдагы жүрүм-турум эрежелерине, кесиптик этика жана деонтологияны сактоого, санитардык-эпидемиологиялык режимдин нормаларына жана коопсуздук техникасына бурулду.

Мындан тышкары, студенттерге бейтаптар жана медициналык кызматкерлер менен тилдик жана маданий өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен натыйжалуу өз ара аракеттенүү боюнча сунуштар берилди.

Нускаманын соңунда студенттерге практика өтүү үчүн жолдомолор жана практика күндөлүктөрү тапшырылды.



Фото галерея