ОЭАМУдагы билим берүү программалары боюнча талкуу

оэаму ишиму oshimu омму oimu

Ош эл аралык медициналык университетинде билим берүү программалары боюнча маанилүү талкуу болуп өттү. Кафедра окутуучулары 2021-жылдагы Мамлекеттик билим берүү стандарты менен терең таанышып, ошондой эле Окуу-окутуу программасынын (ООП) негизги жоболорун талкуулашты. Иш-чара медицина илимдеринин кандидаты, доцент Сакибаев Кыялбек Шерикбаевичтин жетекчилиги менен өткөрүлдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө заманбап окутуу ыкмалары, жаңы педагогикалык методикаларды киргизүү жана окуу процессин эл аралык талаптарга ылайыкташтыруу маселелери каралды. Талкууда билим берүү программасынын жергиликтүү өзгөчөлүктөрү гана эмес, медициналык билим берүүнүн глобалдык багыттары — санариптештирүү, жаңы технологияларды окуу процессине интеграциялоо жана адистерди даярдоонун сапатын жогорулатуу маселелери да көтөрүлдү.



Фото галерея