"Public Health" жана "Family Medicine" предметтери боюнча обзордук лекциялар

"Public Health" жана "Family Medicine" предметтери боюнча обзордук лекциялар

оэаму ишиму oshimu омму oimu

2026-жылдын 20-майында Ош эл аралык медициналык университетинде 5-курс студенттери үчүн «Public Health and Epidemiology» жана «Family Medicine and Outpatient Therapy» дисциплиналары боюнча обзордук лекциялар уюштурулду.

Лекциялардын жүрүшүндө студенттер окуу программасынын негизги темаларын кайталап, коомдук саламаттыкты сактоо, оорулардын алдын алуу жана баштапкы медициналык-санитардык жардамды уюштуруу боюнча актуалдуу маселелерди талкуулашты.

Өзгөчө көңүл үй-бүлөлүк медицинадагы, амбулатордук терапиядагы жана эпидемиологиялык көзөмөлдөгү заманбап ыкмаларга бурулду. Окутуучулар студенттер менен дарыгердин практикалык ишмердүүлүгү жана профилактикалык медицинанын саламаттык сактоо системасындагы мааниси тууралуу пикир алышты.

Обзордук лекциялар студенттердин кесиптик билимдерин бекемдөөгө жана келечектеги медициналык практикага даярдык деңгээлин жогорулатууга көмөк көрсөтөт.



Фото галерея